Муфтият: Мектепке жоолук салынып барган кыздар кодуланбашы керек
RU

Муфтият: Мектепке жоолук салынып барган кыздар кодуланбашы керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Муфтият соңку убактарда социалдык тармактарда талкууланып жаткан жоолук маселеси боюнча билдирүү жасады. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан Жогорку Кеңештин депутатынын жоолук боюнча айткан пикири Баш мыйзамда кепилденген дин тутуу эркиндигине каршы келерин белгилейт.

"Кыргыз Республикасында жарандардын дин тутуу эркиндигине кепилдик берилет. Жоолук маселеси мектептин олуттуу көйгөйүнө айландырылбашы керек. Билим берүү мекемелерине жоолук салынып барган окуучу кыздар диний тандоолору үчүн кодуланбашы зарыл. Андан көрө билим берүүнү жакшыртып, келечек муундардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, жакшы тарбиялап чыгуу абзел. Кыргыз элинин салт-санаасы, улуттук баалуулуктары жана кийими Ислам динине каршы келбейт", - деп айтылат кайрылууда.

Муфтияттан билдиргендей, Кыргызстандын калкынын 90 пайызы мусулманчылыкты карманат.

"Бардыгын жоолук маселесине байлап, балдардын билим алуусуна бут тосуу жана басмырлоону Баш мыйзам менен кепилденген укуктарын тебелөө деп эсептейбиз. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы салттуу кийим-кечебизди унутпоого жана адамдардын дин тутуу эркиндигин сыйлоого чакырат", - деп кошумчалашты.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8860