"Президент да дем алат". Депутат министрлер кабинетинен полигондогу өрттү өчүрүүнү суранды
RU

"Президент да дем алат". Депутат министрлер кабинетинен полигондогу өрттү өчүрүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев Бишкектеги таштанды полигонундагы өрттү өчүрүүгө министрлер кабинети да тартылсын деген өтүнүчтү келтирди. Бул туурасында ал парламенттеги жыйында айтты.

Парламент өкүлү Сокулук районундагы Манас айылынын жашоочулары менен жолугушуп, таштанды полигону боюнча айтылган нааразычылыктарды уккан. Ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

"Түндө, таң эрте шамал түтүндү калктуу конушка айдаганда дем ала албай калышат, балдар жөтөлөт. Жергиликтүү тургундар митингге да чыгышкан. Мэрия өзү жалгыз таштанды полигонундагы өрттү өчүрө албайт, түшүнүп турам. Менин чоң суранычым бар - бул маселени министрлер кабинетинин деңгээлинде көтөрүүгө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиг киришүүсү керек. Бул аба менен баары дем алат: сиз, балдарыңыз, биз, президент. Бир чара көрүп, химиялык заттарды алып келип, алардын жардамы менен өчүрүшүбүз керек. Эл аралык адистерди тартып, алардын жардамы менен полигонду сактап калуу зарыл. Болбосо экологиялык катастрофа сөзсүз болот", - дейт депутат.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8863