Баткенде жабыркаган тургундарга контейнер үйлөр жөнөтүлдү
RU

Баткенде жабыркаган тургундарга контейнер үйлөр жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда турак-жайы жараксыз болгон баткендиктерге убактылуу үйлөр, тагыраагы, контейнер үйлөр берилди. Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, темир контейнерлерде бардык керектүү шарттар түзүлгөн.

Мындай үйлөр борбор калаанын мэриясы жана ишкерлердин колдоосу менен даярдалууда.

Буга чейин да баткендиктерге 16 үй жөнөтүлгөн. Жакынкы аралыкта дагы 12 контейнер Баткен облусуна жөнөтүлөт. Бардыгы болуп 50 контейнер даярдалат.

Белгилесек, куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусу боюнча 661 турак үй жараксыз деп табылган. Анын ичинен 423 үй жашоого жараксыз абалга келген, 238 турак үй оңдоп-түздөөгө муктаж.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8866