Казакстанда кыргыз, орус, тажик лидерлеринин сүйлөшүүсү башталды
RU

Казакстанда кыргыз, орус, тажик лидерлеринин сүйлөшүүсү башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Астана шаарында Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун сүйлөшүүсү башталды. Өлкө лидерлеринин жолугушуусун Sputnik Кыргызстан агенттиги таратты.

Жолугушуунун алдында Жапаров менен Путин залда отурганын, кийинчерээк аларга Тажикстандын президенти кошулганын көрүүгө болот. Ошол эле учурда Рахмон орус лидери менен гана кол алышып учурашты.

Владимир Путин куттуктоо сөзүн сүйлөп, мындай жолугушуулар мурда да болуп өткөнүн жана "бул жерде өзгөчө жаңы эч нерсе жок" деп белгиледи.

"Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы биз үчүн жакын союздаштар экенин, биз эл аралык уюмдардын алкагында иш алып барабыз жана абдан жакын экенибизди белгилегим келет. Албетте, биз стратегиялык өнөктөшпүз. Кыргызстандын бир миллион жараны, Тажикстандын 2 миллион жараны Россияда жашап, окуп, иштеп жатканын айтсак болот. Бизде бир катар тармактарда абдан тыгыз байланыштар бар. Соода жүгүртүү эки тараптан тең өсүп жатат.

Албетте, биз экономиканын мындай прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн шарттарды сактоого кызыкдарбыз. Мен ушундай форматта жолугушканыма абдан кубанычтамын", - деди Россиянын президенти.

Андан кийин Путин сүйлөшүүнү жабык форматта улантууну сунуштады.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8871