Бишкек-Ош жолунда унаалар сүзүшүп, 7 адам каза тапты (видео)
RU

Бишкек-Ош жолунда унаалар сүзүшүп, 7 адам каза тапты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолунда, тагыраагы, Ала-Бел ашуусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болгонун Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 13-октябрда саат 17:10 чамасында катталды. Анда Бишкекти көздөй бара жаткан Mercedes-Benz унаасы каршы тилкедеги Honda Stream унаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана 4 адам окуя болгон жерден каза болгон. Кийинчерээк Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген жабырлануучу эсине келбей көз жумду.

Жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8873