Бүгүн Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өтөт
RU

Бүгүн Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Кыргызстандын көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары – Kaktus.media, Azattyk, Kloop сайттарын жабуу идеясына байланыштуу сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өткөрүү пландалууда.

Жөө жүрүш саат 13:00дө темир жол вокзалынын жанындагы аянттан баштап, Эркиндик бульвары менен Ак үйдүн имаратына чейин созулары маалымдалды.

Эске салсак, 13-октябрда "Азаттыктын" редакциясынын имаратынын жанында үч көз карандысыз маалымат каражатын жабуу боюнча митинг өткөн. Андан бир күн мурун депутат Надира Нарматова кесиптештеринен кол топтогон. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны 40ка жакын депутат колдоп, бирок интернеттеги резонанстан кийин алардын айрымдары колдорун кайтарып алууну чечишкен.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8875