Мурдагы аскер комиссары уулу менен МАИ инспекторун сабаган деп айыпталууда
RU

Мурдагы аскер комиссары уулу менен МАИ инспекторун сабаган деп айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Сокулук районунун мурдагы аскер комиссары уулу менен бирге кафеде эс алып жаткан Панфилов райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторун сабап салган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 13-октябрда кайгуул кызматынын инспектору үй-бүлөсү жана жаш балдары менен Сокулук районундагы чайканада эс алып жүргөн. Ал жумуш убактысынан сырткары болгондугу үчүн жарандык кийимчен болгон. Ошол учурда бир нече эркектер мас абалында жакын жерде отуруп орой сөздөрдү айтышкан.

"МАИнин инспектору аларга эскертүү бергенде алардын биринин уулу келип, жабырлануучуну катуу сабап салган", - деп билдирди күч органдары.

Шектүүлөр Сокулук районунун мурдагы аскер комиссары жана анын уулу болуп чыкты. Бул факты катталып, тергөө иштери башталды.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8883