"Кока-Кола Ичечек Кыргызстан" өлкөдөгү "Эң мыкты компания" наамын алды
RU

"Кока-Кола Ичечек Кыргызстан" өлкөдөгү "Эң мыкты компания" наамын алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ийгилик жаратып, бизнести өнүктүрүүдөгү жогорку жетишкендиги үчүн 5-октябрда Coca-Cola İçecek Kyrgyzstan ("Кока-Кола Бишкек Боттлерс" ЖАК, мындан ары "CCI-Кыргызстан") компаниясына "2022-жылдын мыкты компаниясы" наамын ыйгарды.

Сыйлыкты Coca-Cola İçecek Kyrgyzstan компаниясынын башкы менеджери Фуркан Айдынга Экономика жана соода министрлигинде өткөн салтанатта экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев тапшырды.

Буга чейин "CCI-Кыргызстан" ишканасы мамлекеттик бийлик органдары тарабынан эң мыкты улуттук салык төлөөчү, жогорку этикалык стандарттарга жана ачык-айкын корпоративдик жоопкерчиликке ээ компания катары таанылган.

Бул сыйлык компаниянын мындан аркы инвестициялоосун жогорулатат жана жакынкы келечекте Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө болгон кызыгуусун арттырат. Ошол эле учурда түз жана кыйыр жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Эгемендүү Кыргызстандын дүйнөлүк алгачкы инвесторлорунун бири катары "CCI-Кыргызстан" жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, кайра иштетүү жана таштандыларды башкаруу боюнча долбоорлорду колдоо аркылуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошту.

"CCI-Кыргызстан" мындан ары да социалдык жана экологиялык темаларды өнүктүрүүгө салым кошууну улантат. Анткени Coca-Cola Içecek (CCI) компаниянын башкы кеңсесинин деңгээлинде таңгактарды кайра иштетүү, сууну үнөмдөө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, коомчулуктарды социалдык колдоо анын ичинде инклюзивдүүлүк, ошондой эле адам укуктарын колдоо боюнча милдеттенмелерди алган.

Компания жөнүндө

Coca-Cola İçecek Kyrgyzstan (Coca-Cola Bishkek Bottlers ЖАК) - Кыргызстандын элине сыймыктануу менен кызмат кылат жана заманбап өндүрүштүк ишканада 300дөн ашык кызматкер эмгектенген.

Coca-Cola İçecek A.Ş. (CCI) - Coca-Cola газдалган, газдалбаган суусундуктарды даярдаган, тараткан жана сатыкка чыгарган көп улуттуу компания. Компаниянын 11 өлкөдө (Түркия, Пакистан, Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Иордания, Ирак, Сирия, Тажикстан жана Өзбекстан) 30 фабрикасы бар жана анда 10 миңге жакын кызматкер иштейт.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8884