КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өтөт. Дагы эмне белгилүү
RU

КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өтөт. Дагы эмне белгилүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-октябрда Астанада өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Алардын баары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздук тармагындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Төмөнкү документтерге кол коюлуп, бекитилди:

  • КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө;
  • Аткаруу комитетинин төрагасы - КМШ аткаруу катчысы жөнүндө;
  • КМШны өнүктүрүүдө ага мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын ролу жөнүндө;
  • КМШнын алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө;
  • КМШда 2024-жылды Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы - нацизмге каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо тууралуу;
  • КМШга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу тууралуу макулдашуу жөнүндө;
  • КМШга мүчө-мамлекеттердин 2023-2025-жылдарга карата терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы жөнүндө;
  • Эркин соода кызмат көрсөтүү, инвестиция түзүү, анын ишмердиги жана аны ишке ашыруу тууралуу макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө;
  • 2024-жылы Санкт-Петербург шаарын Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
  • КМШга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна байкоочу макамын берүү жөнүндө;
  • КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө;
  • КМШнын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө;
  • КМШга мүчө-мамлекеттердин президенттеринин маданият чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу билдирүүсү жөнүндө;
  • КМШга мүчө-мамлекеттердин президенттеринин климат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу билдирүүсү жөнүндө.
Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8885