Бүгүндөн баштап Бишкек-Ош жолунда жүргүнчү ташыган унааларга чектөө кирди
RU

Бүгүндөн баштап Бишкек-Ош жолунда жүргүнчү ташыган унааларга чектөө кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош жолунда автобустар, кичи автобустар, ошондой эле кышкы мезгилге ылайык дөңгөлөктөр тагылбаган минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга бүгүн, 15-октябрдан баштап тыюу салынат. Бул туурасында Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана оор кесепеттерге алып келген кырсыктарды болтурбоо максатында 2022-жылдын 15-октябрынан 2023-жылдын 1-майына чейин Бишкек-Ош жолунда жүргүнчүлөрдү автобустардан тышкары автобустар, кичи автобустар менен ташууга тыюу салынат. Чүй облусунун Сосоновка айылындагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы стационардык посттордо кышкы мезгилге ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылбаган минивэндер, автобустар менен ташуу фактыларынын алдын алуу иштери күчөтүлөт", - дешет мекемеден.

Белгилей кетсек, 14-октябрда Бишкектен Кемпир-Абад суу сактагычына 3 кичи автобус менен журналисттер жана курултайдын катышуучулары чыгышкан. Бирок аларды Сосновка постунан жол кыймылынын коопсуздук кызматкерлери өткөрбөй, тоскоолдук жаратышкан.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8886