Токмоктогу мал базарда аксакалдын акчасын уурдаган факты боюнча териштирүү иши башталды
RU

Токмоктогу мал базарда аксакалдын акчасын уурдаган факты боюнча териштирүү иши башталды

Все самое интересное в Telegram

Токмоктогу мал базарда аксакалдын 120 миң сомун уурдоо фактысы боюнча милиция кызмактерлери териштирүү иштерин баштады. Бул туурасында Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашат.

"Токмок шаарындагы мал базарда акчасын уурдатып, ыйлаган карыянын видеосу тараган. Бул факты Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды. Учурда жогоруда көрсөтүлгөн карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат", - дешет мекемеден.

Бегилей кетсек, 16-октябрда мал алуу үчүн базарга барган аксакал акчасын уурдатып, көзүнө жаш алган видеосу тараган. Кайдыгер карабаган жарандар каражат чогултушуп, аксакалга жардам көрсөтүшкөн.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 макала)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октября 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октября 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октября 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8895