НАТО Европада өзөктүк машыгууларды баштады
RU

НАТО Европада өзөктүк машыгууларды баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

НАТОнун өзөктүк куралды токтотуу боюнча машыгуусу дүйшөмбү күнү башталып, 30-октябрга чейин уланат. Ага 14 өлкө жана 60ка чейин аскерий учак катышат деп жазат EurAsia Daily.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг түшүндүргөндөй, "бул НАТОнун өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн коопсуз жана эффективдүү сакташын камсыздоо максатында жыл сайын пландалган машыгуулар". Ал машыгуулар Украинанын айланасындагы азыркы кризиске байланыштуу эмес экенин баса белгиледи.

Бельгиянын RTBF телеканалы тактагандай, машыгууга катышып жаткан НАТО өлкөлөрүнүн аба күчтөрүнүн учактарынын бири дагы Россиянын аймагына 1000 чакырымдан жакын жакындабайт.

Ошого карабастан, ядролук куралга каршы Бельгиянын коалициясы эл аралык абалдын курчушун эске алып, бийликтерден машыгууларды токтотууну талап кылды. "ОРоссия менен өзөктүк тирешүү күчөп турган маалда мындай машыгууларды өткөрүү жоопкерчиликсиздик", - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Бе

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8896