Бүгүн кышкы тестирлөөгө катталуунун акыркы күнү
RU

Бүгүн кышкы тестирлөөгө катталуунун акыркы күнү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-октябрда жалпы республикалык тестирлөөгө (кышкы кабыл алуу үчүн) жашаган жери боюнча каттоонун акыркы күнү. Тестирлөөгө каттоо онлайн режимде жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Билим берүү жана министрлигинен быйыл жалпы республикалык тестирлөө кыш мезгилинде да өткөрүлөрүн маалымдашкан.

  • Кышкы тестирлөө 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт.
  • Жалпы республикалык тестирлөөгө (кышкы кабыл алуу үчүн) жашаган жери боюнча каттоо 17-октябрда башталган;
  • Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет;
  • Өлкөнүн жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт;
  • Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери Жалпы республикалык тестирлөөгө катталууга кызыкдар адамдарды маалымдоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилген;
  • Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери каттоону (онлайн режимде) жүзөгө ашыруу үчүн атайын бөлмө бөлүп берип, зарыл байланыш каражаттар, жабдуулар жана оргтехника менен камсыздоого тийиш.

Сүрөт интернеттен алынды.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8899