Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында "Чектөөсүз спорт" парамарафону өттү. Видео
RU

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында "Чектөөсүз спорт" парамарафону өттү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында "Чектөөсүз спорт" аталышындагы парамарафон болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Иш-чарага 500гө жакын спортчу катышып, чуркоо, таяк тартыш жана кол күрөш боюнча мелдешишкен. Жеңүүчүлөргө медалдар жана белектер берилди.

Парамарафондун салтанаттуу ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Дене тарбия жана спорт Департаментинин директору Канат Шабданбаев катышты.

Маалыматка ылайык, иш-чара ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дене тарбия жана спорт аркылуу коомго аралаштыруу, аларды сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлгөн.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8903