Ошто келин киши колдуу каза тапты. Кылмышка маркумдун мурдагы күйөөсү шектелүүдө
RU

Ошто келин киши колдуу каза тапты. Кылмышка маркумдун мурдагы күйөөсү шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 32 жаштагы жаран мурдагы аялын өлтүргөнгө шектелип кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, келин бычактан алган жаракатынан улам каза тапкан.

Белгилүү болгондой, адам өлтүрүүгө шектелип жаткан 32 жаштагы Ж.И. коӊшу Өзбекстандан кармалып, Ош шаарына алынып келди. Учурда анын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси (122-берене) менен кылмыш иши тергелүүдө.

Окуя 3-октябрда катталган. Анда Ж.И. мурдагы аялын өлтүрүү максатында ал жашаган үйгө барып, келинге бир нече ирет бычак сайып, изин жашырып кеткен. Анын кесепетинен 1998-жылы туулган келин окуя болгон жерде көз жумган.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8905