Азыр бала реанимацияда. Клиникадан наристеге туура эмес дары жазып беришкен
RU

Азыр бала реанимацияда. Клиникадан наристеге туура эмес дары жазып беришкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына окурман кайрылган. Ал No2 ҮМБга нааразы. Алар эки айлык балага мурундун агышына каршы деп көзгө тамчылатманы жазып беришкен.

Маалыматка ылайык, ооруп жаткан баланы клиникага алып барганда педиатры жок болуп калып, нөөмөттөгү дарыгер баланын мурдунан суу агып жатканын көрүп, көзгө тамчылаткыч менен менен айыктырса болот деп билдирген. Бирок дары жардам берген эмес, кийинчерээк баланын абалы начарлап, ал пневмония менен ооруганы белгилүү болду.

"14-октябрда бала ооруп калды. 15-күнү райондук поликлиникага барсак, көзгө делген тамчылатманы мурунга тамчылатса болот дешкен. Анан барып аптекадан алганбыз. Ошол жерден дагы болобу деп сурагам. Алар бул дары көзгө деп айтышты. Үйгө келип тамчылатып койдук. Андан кийин бала дем ала албай калды. Тез жардам чакырдык, алар 3-балдар ооруканасына алып барууну сунушташты. Азыр балам реанимация бөлүмүндө жатат, абалы өтө оор", - деди баланын атасы.

No2 ҮМБнын эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча директордун орун басарынын маалыматына ылайык, бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлдү.

Белгилүү украиналык дарыгер Евгений Комаровский көзгө тамчылатуучу дарыны эч качан мурунга колдонууга болбойт. Ал эч кандай вирустук инфекцияны жоготпойт.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8910