Россияда аскердик учак кулап, үй өрттөндү
RU

Россияда аскердик учак кулап, үй өрттөндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Йейски шаарында аскердик учак кулап түштү. ЖМКлардын маалыматына караганда, кыйраган учак аскердик учак болгон. Айрым маалыматтарга караганда, учкучтар катапульталоого жетишкен.

Кырсыктын кесепетинен турак жай өрттөнгөн.

Кийинчерээк Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги Су-34 учагы Түштүк аскер округунун аскердик аэродромунан машыгуу үчүн көтөрүлүп баратканда кулаганын жарыялаган.

"Учак Йейск шаарынын ичинде кулаган. Учкучтардын билдирүүсү боюнча, учак учуп баратканда кыймылдаткычтарынын бири күйүп кеткен", - деп айтылат аскердик ведомствонун билдирүүсүндө.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8913