Баткенге жардам. Атайын эсептен 62 миллион сом жумшалды
RU

Баткенге жардам. Атайын эсептен 62 миллион сом жумшалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда жабыркагандарга каржылык колдоо максатында ачылган атайын эсепке жалпы 327 миллион 432 миң сом топтолгон. Бүгүнкү күндө 62 миллион 650 миң сом жумшалды. Бул туурасында Каржы министрлигинен кабарлашты.

Каражаттар үйү күйүп кеткен жарандарга бир жолку компенсация катары төлөндү. Учурда 246 жаран компенсация алды.

Ал эми калган каражат 269 миллион 680 миң 334 сомду түзөт.

  • 14-сентябрда саат 08:00дө тажик тарап Ворух анклавынын түштүк бөлүгүндө ок атуучу куралдарды жана миномётторду колдонуу менен куралдуу агрессия жасаган. Анын кесепетинен Баткен районунун Самаркандек айылы жабыркады.
  • 15-сентябрда чек арада чыңалуу уланып, бирок абал салыштырмалуу туруктуу болгон.
  • 16-сентябрда Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстан тараптан жаңы кол салуулар болгонун билдирген.
  • 17-сентябрда Тажикстан кыргыз аймактарын аткылоосун уланткан.
  • 18-сентябрда кырдаал курчуган. Жалпысынан 136 770 жаран эвакуацияланган. Куралдуу кол салуудан 63 кыргыз жараны набыт болду – 50 аскер кызматкери жана 13 жай тургун. 206 адам, анын ичинде 13 бала жабыркаган.
  • 19-сентябрь улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8914