Кыргызстанда биринчи ата мекендик аскердик учкучсуз учак чогултулду. Видео
RU

Кыргызстанда биринчи ата мекендик аскердик учкучсуз учак чогултулду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда биринчи жолу ата мекендик өндүрүштөгү аскердик учкучсуз учак чогултулду. Бул тууралуу видео Twitter`ге жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, учкучсуз SAARA-02 учагы кыргызстандык инженерлер тарабынан иштелип чыккан.

"Биздин өндүрүүчүлөр бул аппаратты түзүү үчүн эки жылдан бери талыкпай иштешти. Жабдык жакында эле Баткенде ийгиликтүү сыноодон өттү. Учкучсуз учуучу аппарат чалгындоо гана эмес, тактикалык жана күжүрмөн функцияларды да аткарат. Мындай түзүлүштөрдүн болушу коргонууну бекемдөөгө тийиш. Өлкөбүздүн дараметин жогорулатып, чек ара коопсуздугун бекемдейт", - деп айтылат маалыматта.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8917