Оштун мэри Алмаз Мамбетовго карата прокуратура тарабынан текшерүү жүрүгүзүлөт
RU

Оштун мэри Алмаз Мамбетовго карата прокуратура тарабынан текшерүү жүрүгүзүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго карата Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Башкы прокуратурадан Kaktus.media`га билдиришти.

Белгилүү болгондой, облустук прокуратура Балыкчы шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында шаардын вице-мэри Азиз Асаналиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Айрым маалыматтарга караганда, ал Балыкчыдагы базардын курулушундагы коррупцияга айыпталууда.

Башкы прокуратурадан иликтөөнүн жүрүшүндө Балыкчы шаарынын мэриясынын башка кызматкерлерине да баа берилерин белгилешти. Алардын арасында шаардын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов да бар экенин кошумчалашты.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8918