Кыргызстанда бир нече банктар Россиянын Мир деген карталарын тейлөөнү токтотту
RU

Кыргызстанда бир нече банктар Россиянын Мир деген карталарын тейлөөнү токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда үч коммерциялык банк Россиянын "Мир" төлөм системасынын карталарын тейлөөнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу банктардын сайттарында айтылат.

13-октябрда Компаньон Банкы биринчилерден болуп россиялык карталарды тейлөөнү токтотту. Анын расмий сайтында өнөктөш процессинг борборунун чечими менен 4-октябрдан тарта айрым россиялык банктардын Мир карталарын Компаньон банкынын аппараттарында тейлөө токтотулганы кабарланган.

Бир күн мурун ушундай эле маалыматты "Дос-Кредобанк" жана "Бакай Банк" жарыялаган.

Бул чечимдин себебин айтышкан жок.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8919