Ар бири 37 миң доллардан. Ош шаарына 50 жаңы автобус алынды
RU

Ар бири 37 миң доллардан. Ош шаарына 50 жаңы автобус алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарына 50 жаңы автобус сатып алынды. Бүгүн, 18-октябрда транспорт каражаттарын расмий тапшыруу иш-чарасы болуп өткөнүн мэриядан кабарлашты.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов коомдук траснпорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү багытында иштер улантыларын белгиледи.

"Өзбек-Кыргыз" өнүктүрүү фонду менен кызматташуунун натыйжасында шаарыбызга Өзбекстандан ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 50 даана автобус сатып алынды. Бул автобустар күйүүчү майды аз сарптагандыгы, техникалык мүнөздөмөсүнүн жөнөкөйлүгү жана баасы дагы жөндүү болгондугунан улам, биздин шаарыбыз үчүн ыңгайлуу болууда. Жаңы алып келинген автобустар шаардыктардын суроо талаптарын эске алуу менен эң керектүү болуп жаткан аймактарга атайын комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгынын негизинде 4 муниципалдык каттамдарга бөлүштүрүлдү", - деди Мамбетов.

Белгилендей, автобустардын ар биринин баасы 37 миң доллардан бааланган. Автобустардын ар бири 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Эки күн ичинде бул автобустар линияга чыгарылат.

Жаңы коомдук транспортторго да "BUS Service" мобилдик тиркемеси орнотулуп, жүргүнчүлөргө жол жүрүүсүн алдын ала пландоосуна шарт түзүлдү. Автобустардын жол акысы накталай төлөм учурунда 10 сом, накталай эмес электрондук төлөм жүргүзсө 8 сом деп белгиленген.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8921