Жалган маалымат тараткандар боюнча 8 арыз түшкөн. Министрлик тарабынан көрүлгөн чаралар
RU

Жалган маалымат тараткандар боюнча 8 арыз түшкөн. Министрлик тарабынан көрүлгөн чаралар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана ажаштар саясаты министрлигине жалган маалымат тараткандар боюнча 8 арыз түшкөн. Бул туурасында аталган мекемеден маалымдашты.

"Министрликтин дарегине жалпы 8 арыз түшкөн. Анын ичинен 2 арызды кароонун жыйынтыгы менен 2 маалыматтык сайттын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечим чыккан. Кийинчерээк бир чечим жокко чыгарылган. Министрлик менен социалдык тармактардын (Facebook, Tik Tok, You tube,Twitter, Telegram, Instagram), ортосунда кызматташуу келишимдеринин жоктугунан улам 2 арыз ээсине арызды кароо мүмкүн эместиги тууралуу жооп жөнөтүлгөн. Ал эми 3 катта маалыматтар толук болбогондуктан министрлик арызды жогоруда аталган тартипке ылайык толуктап, кайра кайрылуусун сунуштаган", - дешет маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, министрлер кабинети тарабынан "Интернетте анык эмес (жалган) маалыматтардын сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, жалган маалыматтарды өчүрүүнүн жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин убактылуу токтотуунун тартибин бекитүү тууралуу" токтому кабыл алынган. Аталган токтомдун максаты жарандарды жана юридикалык жактарды интернет желесине тараган анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо болуп саналат.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8929