Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаалардын каттамына чектөөлөр киргизилди
RU

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаалардын каттамына чектөөлөр киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда бардык унаалардын каттамына чектөөлөр киргизилди. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, чектөө Кубакы ашуусунда аба ырайы турукташканга чейин күчүндө болот.

Кубакы ашуусунда кар калың жаагандыгына байланыштуу транспорт каттамдарына чектөө киргизилип, каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулду. Ошондой эле Чүй облусунун Төө-Ашуу, Талас облусунун Өтмөк жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бел ашуулары аркылуу каттамда оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына азыркы учурда чектөөлөр алына элек. Аталган ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.

Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан жолго чыккан айдоочуларга чынжыр алып жүрүүнү, каршы тилкеге чыкпоону, тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук жаратпоону, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөнү жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8931