Ырчы, дастанчы Азиз Батыров кыздуу болду
RU

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров кыздуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров кырк жылкылуу болду. Экинчи ирет ата болгон ырчы кубанычы менен тең бөлүштү.

"Кырк жылкылуу болдум, кызыл алтындуу болдум. Бишкек шаардык №1 төрөтканасынын кызматкерлерине, алар менен бирге башкы дарыгери, кызыбыздын киндик энесине ыраазычылык билдирем. Азыр толкунданып, өзүмдү жомоктогудай сезип жатам. Кызым менин мээримим, тарбиям менен чоңойсун. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Кызыбыздын 7 миллионунчу болушун тилек кылганбыз. Бирок эң башкысы кызыбыз аман-эсен төрөлдү, ошонусу маанилүү", - дейт ал.

Азиз Батыров менен жубайы буга чейин бир уулдуу тарбиялап келишкен. Ырчы учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин көркөм адабият жана билим берүү факультетинин деканынын орун басары болуп эмгектенет.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8934