Мас депутат милиция кызматкерин сүзүп кеткен. Азыр ал комада
RU

Мас депутат милиция кызматкерин сүзүп кеткен. Азыр ал комада

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмокто мас абалында унаа айдап келе жаткан шаардык кеңештин депутаты милиционерди сүзүп кетти. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ түнү саат 01:00дөр чамасында Токмок шаардык кеңешинин "Бирге" фракциясынын депутаты Зафар Абраимов "Тойота Ленд Крузер" үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, көчөдө бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Катуу соккудан улам киши бир нече ондогон метр аралыкка кулап түшкөн.

Жабырлануучу -Чүй ОИИБдин ыкчам кызматкери болгон. Ал травматология бөлүмүнө жаткырылган. Учурда ал комада жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, экспертиза шаардык кеңештин депутаты алкоголдук ичимдик ичкенин аныктаган.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8938