Чек ара кызматы: Тажикстан аскерлерин, техникаларын чек арага тартуу менен алектенүүдө
RU

Чек ара кызматы: Тажикстан аскерлерин, техникаларын чек арага тартуу менен алектенүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстан чек ара аймактарына аскерлерин жана техникаларын тартып жатканын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашат. Аталган мекемеден Тажикстандын милиция кызматкерлери атайылап бурмаланган маалымат таратып жатканын белгилейт.

Чек ара кызматынын расмий билдирүүсүндө төмөнкүлөр айтылат:

  • Тажикстандын чек арачылары чек арага канатташ аймактарда жагдайдын курчуп кетиши үчүн атайын иш-аракеттер жасалууда деп кыргыз тараптын дарегине доо койду. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы муну таң калуу менен кабыл алды. Тажик тараптын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн маалыматтар чындыкка эч кандай дал келбейт;
  • Тажикстандын чек арачылары атайылап маалыматы бурмалап, чек арага канаттташ жашаган калктын мыйзамсыз иш-аракеттерге баруусуна түрткү болууда. Автотрал менен техниканын алынып өтүшү тартылган сүрөттөрдү жарыялоо буга мисал боло алат;

  • Тажикстандын Чек ара кызматынын Согди облусу боюнча башкармалыгы бул сүрөткө комментарий берүүдө кыргыз тарап Баткен облусуна аскердик техниканы ташып жатат деген божомолду ойдон чыгарып айтышкан. Чындыгында сүрөт 2022-жылдын 21-22-сентябрында техниканы чек ара сызыгынан Кыргызстандын аймагын көздөй ичкери киргизип, туруктуу жайына ташып кетүүдө тартылган;
  • Тажикстан чек арага канатташ аймактарында чек араны күчтөндүрүүгө болгон дээрлик бардык өзүнүн иш-аракетин Кыргызстандын чек арачыларына "оодаруу" фактысы таң калтырууда;

  • 25-сентябрдан тарта тажик тарап ок атуучу позицияларды даярдап баштады. Жергиликтүү калк окопторду казып, Кыргызстан менен чектешкен мамлекеттик чек аранын периметрин бойлой траншеяларды казууда (видео бар);
  • Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин бузуп, чалгындоо иш-аракетин жасап дрондор колдонулгандыгы боюнча 10дон ашуун факты катталды;
  • Тажикстандын жарандары Кыргыз Республикасынын чек арага канатташ жашаган тургундарынын үйлөрүн өрттөгөнгө аракет кылышкан;
  • 26-сентябрда чек арага жакын жерде тажик аскерлери тарабынан коюлган гранатага тажик жараны жарылган. Бул тажик аскерлери кезектеги чыр-чатак катталган учурда өз аймактарына чек арага мина коюп кире качканга даярданып жатышкандыгынан кабар берет;
  • Жагдайды териштирүү учурунда кыргыз тараптын жарандарынын же аскерлеринин буга эч кандай тиешеси жок экендиги компетенттүү органдардын өкүлдөрү (эки тараптуу) тарабынан аныкталды;
  • Жолугушуулар учурунда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ортодогу макулдашууларды бузушкандыгын моюнга алышып, аларды оңдоого сөз беришет, бирок иш жүзүндө сөз бергендери аткарылбай келе жаткандыгы көрүнүүдө;
  • Тажик тарап эч бир кебелбей туруп фактыларды бурмалап, ал тургай кыргыз тараптын расмий маалыматтарын колдонуп, болгону андагы республикалардын аталышын алмаштырып келишти;
  • Коңшулар "чек арага канатташ аймактарда жагдайды турукташтыруу үчүн жетишкен макулдашууларга кынтыксыз таянуу жана көйгөйлөрдү бир гана саясий-дипломаттык ыкмалар менен гана чечүү" деген сөздөргө жамынып алып, ЖМКда жана социалдык тармактарда кыргыз тарапка чабуул коюуну улантып, аскерлерди жана техникаларды чек арага канатташ аймактарга ташуу жөнүндө видеону ачык жарыялап келет;
  • Жакында эле милициянын аттуу-баштуу кызматкери Тажикстандын ички иштер министринин атынан аскер кийимин кийген белгисиз адамдарга мыйзамсыз иш-аракеттерге барууга жана чек арада жагдайга бүлүк салууга чакырык жасоо менен кайрылган видео жарыяланган;

  • Тажикстан чек арага канатташ аймактарга өздүк курамын жана техникаларын ташып, "Тез жардам" автоунаалары колдонуп жатканын, "Головной" суу бөлүштүрүү жергесинин тушуна Тажикстандын позицияларына жарандык автоунаалар менен ок-дарылар алынып жатканын белгилейбиз;

  • Жалдануучуларды даярдоо, ошондой эле курал-жарактардын кампасын даярдоо үчүн тажик тарап исламдын баалулуктарын уратуу менен мечиттерди пайдаланып жаткандыгын талашсыз айкындаган далилдер бар;
  • Чек арага канатташ аймактарда жагдайды турукташтыруу протоколуна кол коюлганына карабастан тажик тарап кезектеги чек ара чыр-чатагына катализатор боло турчу иш-аракеттерди жасоону улантып жаткандыгын Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы өкүнүү менен белгилейт;
  • Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Чек ара кызматы тажик тарапты кезектеги чыңалууну жаратпоого, эки өлкөнүн калкын адаштырбоого, жай тургундарды мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шыкактоону токтотууга чакырат;
  • Жетишкен макулдашууларды аткарбоо - түздөн-түз эл аралык укуктун принциптерин бузуу болуп эсептелет;
  • Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Чек ара кызматы коңшулаш кесиптештерин жетишкен макулдашууларды сактоого жана кол коюлган протоколдун пункттарын аткарууга, ошону менен бирге аймактагы морт тынчтыктыкты сактап калууга чакырат.
Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8949