Камчыбек Ташиев Ташкентке барды. Чек ара маселесин талкуулашат
RU

Камчыбек Ташиев Ташкентке барды. Чек ара маселесин талкуулашат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ташкентке барды. Бул тууралуу 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин аппарат жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

Ал "Тажикстандын Кыргызстанга басып киришине бийлик күнөөлүү" деп мойнуна алды.

"Чек ара өз убагында делимитацияланганда буга бөгөт коюлмак. Бүгүн Ташиев Ташкентте, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ошондой эле Борбор Азиянын атайын кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу өтүп жатат. Чек ара маселеси да талкууланат", - деди Жапаров.

Эске салсак, келишим долбооруна ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди Өзбекстанга берет. Камчыбек Ташиевдин айтымында суу ресурстарын эки өлкө тең башкарат. Кыргызстан анын ордуна 19 миң гектардан ашык жерди алат.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8957