Акылбек Жапаров: Суу сактагычтарды курабыз
RU

Акылбек Жапаров: Суу сактагычтарды курабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов министрлер кабинетинен суу сактагычтарды курууну суранды.

Анын айтымында жакынкы 20-30 жылда суу азаят. Ошондуктан кийин жарандар айыл чарба менен алектенүү үчүн сууну топтоо зарыл.

Ага министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да кошулду.

"Туура айтасыз. Азыр биз өлкөдөгү бардык суу объектилеринин картасын даярдап жатабыз. Жада калса совет мезгилиндегилерди да кайтарып алып, суу сактагычтарды курууну ойлоп жатабыз. Ошондуктан биз чоң программа кабыл алдык, дээрлик 1 миллиард сомго жаңы техникаларды сатып алып жатабыз. Сууну үнөмдөгөндү үйрөнүшүбүз керек. Биз "Камбар-Ата-1ди" тез арада курушубуз керек. Коңшулар жардам берерин билдиришти. Ушундай эле демилге менен Англиядан, Франциядан да компаниялар кайрылып жатышат. Эгерде Камбар-Атаны курсак, суу маселеси чечилет", - деди ал.

Бирок, ушуга карабай Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө даяр экенин эске салабыз.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8958