Депутаттар Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан бошотту
RU

Депутаттар Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан бошотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбековду көпчүлүк добуш менен кызматтан алды. Бул тууралуу парламенттин отурумунда белгилүү болду.

43 депутат макул, 16 депутат каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, буга чейин парламенттеги беш фракция Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу боюнча чечимин кабыл алганы белгилүү болгон. Бул профилдик комитет, башка маселелер менен катар Өзбекстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери менен алектенет.

https://kaktus.kg/doc/8959_depytattar_chyngyz_aydarbekovdy_komitettin_toragalygynan_boshotty.html

Айдарбеков бир күн мурун Өзбекстан менен чек аранын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишим долбоору боюнча өзү жетектеген комитеттин чечимине кол коюудан баш тарткан.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8959