"Ташиев тумшугуңарды жарам дейт". Президенттин жолугушуусу тууралуу. Видео
RU

"Ташиев тумшугуңарды жарам дейт". Президенттин жолугушуусу тууралуу. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-октябрда президент Садыр Жапаров жарандык активисттер менен жолугуп, Өзбекстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашуу маселесин, анын ичинде Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү ниетин талкуулады.

Жыйындын катышуучуларынын бири Тилекмат Күрөңов жыйын кандай болгонун айтып берди.

"Бийлик берилген суроолорго так жооп бербей, "сен опозициясың, оюң бузук, сен билбейсиң" дешип болгону коркутуп-үркүтүүлөр болду. Биз алданып жатканыбызга дагы бир жолу ынанып чыктым", - деди Тилекмат Күрөңов.

Ал Камчыбек Ташиев "оппозициянын бир нечесинин тумшугуңду талкалайм" деп коркутканын баса белгиледи.

"Жапаров менен Ташиев бизди алдап жатат. Акырына чейин турушубуз керек. Алардын ниети бир гана жерди берүү болуп калыптыр. Президент баш болуп, айрымдарын "тумшугуңду талкалайм" деп да коркутушту", - дейт Куренов.

Эске салсак, келишим долбооруна ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди Өзбекстанга берет. Камчыбек Ташиевдин айтымында, суу ресурстарын эки өлкө тең башкарат. Кыргызстан анын ордуна 19 миң гектардан ашык жерди алат.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8962