Бишкек ЖЭБиндеги көмүрдүн запасы жана пландалган көлөмү айтылды
RU

Бишкек ЖЭБиндеги көмүрдүн запасы жана пландалган көлөмү айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинде 253 миң тоннадан ашык көмүр бар. Ал эми суткасына бир жарым миң тоннага жакын көмүр керектелет. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААК басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, "КарТрансУголь" ЖЧКсы (Казакстан) менен 400 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Биринчи партия ушул айда жеткирилери күтүлүүдө. Жеткирүү графиги 2023-жылдын жаз айына чейин эсептелген.

Ошондой эле мазут менен газдын запасы планга ылайык экени маалымдалды.

"Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилин баштоого толугу менен даяр. Суук мезгил боюнча штабдын чечимин күтүп жатабыз", - деп айтылат маалыматта.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8969