Кемпир-Абаддын алдындагы жердин коңшу өлкөгө өтүшүнө каршы жарандар жөө жүрүшкө чыгышты
RU

Кемпир-Абаддын алдындагы жердин коңшу өлкөгө өтүшүнө каршы жарандар жөө жүрүшкө чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жердин Өзбекстанга берилишине каршы жарандар жөө жүрүшкө чыгышты. Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, жөө жүрүш Куршаб айылынан Өзгөнгө чейин болду.

Акция Кызыл-Октябрь жана башка айылдардын тургундарынын катышуусунда өттү. Алар Кемпир-Абадды коңшу Өзбекстанга бербөө талабы менен чыгышты. Тургундар бул кыргыз жери экенин, суу сактагычка Кыргызстандын дарыясынан суу куярын айтышат.

Эске салсак, келишим долбооруна ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп берет. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, суу сактагычты эки өлкө тең башкарат. Кыргызстан анын ордуна 19 миң гектардан ашык жерди алат

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8980