Оппозициялык саясатчылардын үйлөрү тинтүүгө алынды
RU

Оппозициялык саясатчылардын үйлөрү тинтүүгө алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзгөн оппозициялык саясатчылардын, активисттердин жана блогерлердин үйүндө тинтүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу оппозициялык саясатчылар өздөрү билдиришти.

Милиция кызматкерлери дээрлик бардыгына – Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Улукбек Маматаев, Рита Карасартовага келишкен. Алар массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча иш козгодук деп жатышат.

Социалдык тармактарда Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова менен укук коргоочу Рита Карасартованы тинтүү учурунда тартылган видеолор пайда болду.

Активисттер Эрлан Бекчоро менен БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева да алардын үйүндө милиция тинтүү жүргүзүп жатканын жазышты.

Ички иштер министрлиги тинтүү жана кылмыш ишинин козголушу боюнча маалыматка комментарий бере элек.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8985