Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова милиция бөлүмүнө алынып келинди
RU

Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова милиция бөлүмүнө алынып келинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Равшан Жээнбеков Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери саясатчыга "Массалык баш аламандык уюштуруу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында издөө иштери менен келишкен. Ошондон кийин аларды Ички иштер министрлигине алып кетишкен.

Ал эми Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Анын айтымында, издөө иштери Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзүүгө байланыштуу болгон. Тинтүү учурунда андан ноутбук, дептер жана жеке буюмдары алынган.

Клара Сооронкулова милиция кызматкерлеринин аракетин коркутуп-үркүтүү катары баалаганын айтат.

Ошондой эле укук коргоочу Рита Карасартова Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болду.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8986