Хабибдин агасы менен Хамзат Чимаев аренада мушташа кеткен. Видео
RU

Хабибдин агасы менен Хамзат Чимаев аренада мушташа кеткен. Видео

Все самое интересное в Telegram

Абу-Дабидеги UFC 280 турниринин башкы беттешинде Ислам Махачев жеңишке жеткенден кийин промоушендин эки активдүү мушкери – Хамзат Чимаев менен Хабиб Нурмагомедовдун аталаш бир тууганы Абубакар Нурмагомедовдун ортосунда мушташ чыкты.

28 жаштагы швециялык мушкер Чимаев конок катары аренада болгон. Ал эми Хабиб Нурмагомедовдун аталаш бир тууганы жердеши Гаджи Омаргаджиевди жеңип алды.

"Хамзат Чимаев Абубакар Нурмагомедовдун жанына келип, адегенде кол алышып, бир аз сүйлөшүп, анан Чимаев Нурмагомедовду түртүп жиберди. Абубакар ага жооп берип, мушташа кетти", - деп жазат Твиттерде спорт журналисттери.

Спортчулардын ортосундагы мушташка эмне себеп болгону белгисиз. Маалымат каражаттарынын айтымында, чыр-чатакка Хамзат Чимаевдин сентябрдын ортосунда Хабиб Нурмагомедовдун дарегине айткан жагымсыз сөздөрү себеп болушу мүмкүн.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 макала)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октября 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октября 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октября 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8995