Кыргызстанда интернет жарым-жартылай иштей баштады
RU

Кыргызстанда интернет жарым-жартылай иштей баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-октябрда саат 11:05 чамасында Кыргызстанда интернет массалык түрдө үзгүлтүккө учурады. Бул маалыматты ар кандай провайдер компаниялар тастыкташты.

Тагыраагы, "Акнет" провайдери Kaktus.mediaга Казакстандагы интернет линиясында көйгөйлөр жаралганын билдирди. Азырынча мүчүлүштүктөр качан жоюлары белгисиз.

Ошондой эле "Мегаком" мобилдик опературунун колдонуучулары интернет жок экенин айтышууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, интернет мүчүлүштүгү Казакстандын кире беришинде жаралган (эстей кетсек, Кыргызстан тармакка бул өлкөнүн провайдерлери аркылуу кошулган).

Интернеттин үзгүлтүккө учурашынын так себеби иликтенип жатат.

Саат 13:15ке карата интернет жарым-жартылай иштей баштады. Провайдерлер интернетти толук калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатканын билдиришти.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9000