Масалиев активист, саясатчылардын кармалышы боюнча: Сөзү үчүн эмес иши үчүн жазалоо керек
RU

Масалиев активист, саясатчылардын кармалышы боюнча: Сөзү үчүн эмес иши үчүн жазалоо керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кемпир-Абадды өткөрүп берүүгө каршы чыккан саясатчылар менен активисттерди кармоо учурунда укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча маселени көтөрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал Kaktus.media сайтына билдирди.

"Мыйзамдуулуктун эң маанилүү принциби бузулду. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок". Сөзү үчүн эмес иши үчүн жазалоо керек. Ар бир жаран өз пикирин айтууга укуктуу. Ал адам адашуусу мүмкүн же кимдир-бирөөгө анын пикири жакпай калышы мүмкүн", - деди депутат.

Масалиев белгилегендей, бир күн мурда комитетте отургандар эртеси кармалган.

"Мен күбө болууга даярмын. Ал жакта ар кандай адамдар, ар кандай пикирлерин, өздөрүнүн ойлорун атйышты. Ал эми Кемпир-Абадды кошуна мамлекетке өткөрүп берүүгө каршы митингге чакырууну кылмыш деп эсептебейм. Суу сактагычтын алдындагы жердин берилишине каршы чыккандар абдан көп, бийлик бардык жарандардын пикирин угушу керек. Факты далилдене электе аларды кылмышкер, элдин тынчтыгын бузгандар деп атап, төңкөрүш даярдап жатат деп эсептөө туура эмес. Ал жыйында мындай чакырыктар болгон жок. Ар кандай саясий кыймылдардын жана багыттардын өкүлдөрү болгон.

Бирок саясий пикир келишпестиктер болгонуна карабастан биз суу сактагычтын астындагы жерлерди эч кимге өткөрүп бербөө үчүн кандай чараларды көрүү керектигин чечтик. Калганы мыйзам чегинде аткарылды. Ошого карабастан бардык катышуучулар, аялдар, камакка алынды. Ооба, ошондой эле күч жана курал колдонуу менен! Элестетсеңиз, Гүлнара Журабаева мамлекеттик төңкөрүштү кантип жасай алат?!" - деп ачууланды Масалиев.

Депутат белгилегендей, Кемпир-Абад боюнча комитетке өзү жана Адахан Мадумаров баш болгон 25ке жакын адам катышкан.

Буга чейин 21 адамдын кармалганы белгилүү болду.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9006