Бишкекте жылуулук 26-октябрдан баштап берилет
RU

Бишкекте жылуулук 26-октябрдан баштап берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарына жылуулук 2 күндөн кийин, тагыраагы, 26-октябрда берилет. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясы тарабынан белгилүү болду.

Жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчиден, мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.

Турак жайды жылуулук системасына туташтырууда үйлөрдүн үстүнкү кабаттарынын жылытуу приборлорунда жайгашкан крандар аркылуу жылуулук системасынан абаны чыгаруу зарыл. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9010