Кармалган активисттердин бирөөсүнүн жүрөгү ооруп, соттон ооруканага жеткирилди
RU

Кармалган активисттердин бирөөсүнүн жүрөгү ооруп, соттон ооруканага жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандык уюштуу жана бийликти басып алууга аракет кылган деген шек менен кармалган саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Алардын катарындагы активист Талант Эшалиевди тез жардам унаасы менен соттон ооруканага алып кетишти. Анын абалы инфарктка чейинки оору делип жана жүрөк оорусу бар экени айтылган. Врачтар аны жолугушуу залында кайра карап чыгышты.

Маалым болгондой, буга карабастан сот Эшалиевдин баш коргоо чарасын сырттан кароону чечкен.

Адвокат Тимур Жанаевдин айтымында, Эшалиев көп жылдардан бери жүрөк оорусунан жабыркайт.

Эске салсак, 22-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдан кийин саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар "Кемпир-Абадды коргоо" комитетин түзүшкөн. 23-октябрда эрте менен ушул түзүлгөн комитеттин бардык мүчөлөрүнүн үйүн тинтүү иштери жүрүп, убактылуу кармоочу жайга кармалган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бир канча саясатчы, кармалган активисттерге карата кылмыш ишин козгогон. Алар Массалык башаламандык уюштурууга даярданууда делип шектелүүдө.

Белгилей кетсек, жалпы 21 жаран кармалды.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9013