Бекешев массалык камоодон кийин: Эркин маалымат каражаттарына кийлигишет деп ишенем
RU

Бекешев массалык камоодон кийин: Эркин маалымат каражаттарына кийлигишет деп ишенем

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кемпир-Абад суу сакатыгычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгон активисттердин, саясатчылардын кармалышынан кийин көз карандысыз маалымат каражаттарына тийишүү башталат деп эсептейт. Ал мындай пикирин Telegram-каналына жазды.

Депутат 25-октябрга караган түнү Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин курамына кирген оппозициячыл саясатчы жана активисттердин баш коргоо чарасы каралганын эске салды.

"Алардын баары менен эле саясий көз карашыбыз бир эмес, бирок кечээги соттук териштирүүдөгү мени тынчсыздандырганы – соттун таң атканча отуруп, улуу муундагы аялдардын баш коргоо чарасын тандаганы. Мисалы Асия Сасыкбаева 71 жашта, Гүлнара Журабаева 63 жашта. Менин оюмча, албетте, чечимди сот өзү чыгарган жок, жогору жактан тапшырылды. Бул мени абдан тынчсыздандырат. Мындан ары биздин өлкөдө эмне болот? Алар сөзсүз түрдө көз карандысыз маалымат каражаттарына кийлигишет деп ишенем. Убакыт көрсөтөт", - деп белгиледи Бекешев.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9017