Эл аралык ишкерлер кеңеши: ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам бизнеске терс таасирин тийгизет
RU

Эл аралык ишкерлер кеңеши: ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам бизнеске терс таасирин тийгизет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам долбоору бизнестин өнүгүшүнө терс таасир этиши мүмкүн экенин айтат. Бул тураасында ал Кыргызстандагы экономиканын абалы жана инновациялар талкууланган тегерек столдо белгилеп, бизнес чөйрөсүндөгүлөрдүн терс көз карашын козгогон мыйзам долбоорлорун санап өттү:

  • Салык кодекси;
  • Кант кошулган суусундуктарга акциз салыгынын наркын өзгөртүү;
  • "Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр, тагыраагы, мыйзамдын авторлорунун жөнгө салуучу таасирди талдоодон баш тартуу мерчеми;
  • "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзам жана башкалар.

Аскар Сыдыков ишкердикти өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизе турган мыйзам долбооруна мисал катары баа түзүү боюнча мыйзам долбоорун атады. Айтымында, бул баанын ашыкча жогорулашына жана бааны бекитүүдө негизсиз айып салууга алып келиши мүмкүн.

"Бул үстөмдүк кылган компанияларга - нефтетрейдерлерге, уюлдук операторлорго тиешелүү. Ооба, социалдык маанидеги товарлардын жана кызматтардын баалары мамлекет тарабынан жөнгө салынат, бирок бул мыйзам долбоорун кайра карап чыгууга жөнөтүү керек. Мисалы айып пулдун өлчөмү 13 миң сомдон 1 миллион сомго чейин көбөйдү. Ал эми бардык эле компаниялар мындай айыптарды төлөөгө даяр эмес", - деп баса белгиледи ал.

Эгер "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам кабыл алынса бизнеске, экономиканын өнүгүшүнө да таасирин тийгизерин кошумчалады Аскар Сыдыков. Ал жаңы мыйзам долбоорунда азыртан эле каттоодогу кыйынчылыктар бар экенин жана конституциялык укуктар бузулуп жатканын эске салды.

"Өлкөбүздөгү сөз эркиндиги биздин сыймыгыбыз, аны сактоо жана өркүндөтүү керек. Сөз эркиндиги аркылуу бизнестеги бардык каалоолорду, көйгөйлөрдү жеткире алабыз, бардык маселелерди талкуулайбыз", - деп баса белгиледи Аскар Сыдыков.

Бизнестин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу бардык ченемдик-укуктук актылар мүмкүн болушунча кеңири талкууга алынышы керек. Бизнес тармагындагылар өлкө экономикасы кайсы нукта экенин түшүнүшү керек.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси кырдаал жакшы жагына оңолгонго чейин, инвестициялык абал өнүгүп, мамлекет да, жеке өнөктөштөр тарабынан да киреше алынмайынча бизнес жүргүзүүнүн начарлашына алып келген бардык мыйзамдардын аткарылышын токтото турууга чакырды.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9018