Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны 11,5 миллион сом алат
RU

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны 11,5 миллион сом алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Жакшылык мамлекет тарабынан бөлүнгөн акчаны 16 жашка чыкканда алат. Ал убакта Жакшылык 1 миллион эмес 11,5 миллион сом аларын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter`деги баракчасына жазды.

Байсалов белгилегендей, Жакшылыктын атына "Айыл Банктан" депозиттик эсеп ачылган.

"Жакшылык 16 жашка чыкканда 11,5 миллион сом алат. Ал эми анын ата-энесине миллион сомдон тышкары көрүндүк иретинде 200 миң сом берилди. Ушундай эле белек президенттин чечими менен дагы ар бир облус жана Бишкек, Ошто удаа төрөлгөн сегиз балага тапшырылат", - деди Байсалов.

Белгилесек, 19-октябрда Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетип, наристе Баткенде төрөлгөн. Ага Садыр Жапаров Жакшылык деген ысым ыйгарган.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9019