Кармалган активист: Мен Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болгон эмесмин
RU

Кармалган активист: Мен Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болгон эмесмин

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атай Бейшенбек Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча комитеттин жыйынына катышпаганын, анын үстүнө бул комитеттин мүчөсү эмес экенин билдирди.

"Комитет түзүлгөнү белгилүү болгон күндөрү мен жеке социалдык тармактарда жана Равшан Жээнбековдун баракчасынан бул комитетке киргендердин аты-жөнүн, эмне үчүн комитеттин мүчөлөрүнүн тизмеси жарыяланбай жатканын сурадым. Бийлик катары алар да жабык эшик артында жыйын өткөрөт деп күлгөм, - деп түшүндүрдү Бейшенбек.

Ал ошондой эле өзүнө тагылган айыпты, кантип "массалык баш аламандыктарды даярдаганын" түшүнбөй жатканын, анткени ал эч жерде болбогонун жана бул тууралуу эч жерде ооз ачпаганын кошумчалады.

Эске салсак, 23-октябрда эртең менен ИИМдин кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярданууда деген шек менен 20га жакын активист, блогер жана саясатчыларды кармап кеткен.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9021