Жашы жете элек кызын күйөөгө берген ата-эне жана кайнатасы жоопко тартылды
RU

Жашы жете элек кызын күйөөгө берген ата-эне жана кайнатасы жоопко тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда 17 жаштагы жигитке 15 жаштагы кызын берип, нике окуткан ата-эне жазаланат. Сот жигиттин атасына да ушундай эле жазаны тандады. Чечим Жогорку соттун сайтында жарыяланган.

Кыздын атасы кызынын жигит менен сүйлөшүп жүргөнүн билгенин, өз жанын кыйып алат деп коркконун түшүндүргөн. Мындан тышкары болочок күйөө баласы ага келген. Кыздын апасы макул болгон.

Үчөө тең диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүдө нике курагы боюнча мыйзамды бузган деп айыпталган. Сокулук райондук соту айыпталуучуларга бир жарым жылга пробациялык көзөмөл жарыялады.

Эске салсак, Кыргызстанда 2016-жылдан бери жашы жете электерге диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө тыюу салынган. Жашы жете элек балдарды никеге тургузууга ктышкандар, анын ичинде дин кызматкерлерине жана ата-энелерге кылмыш-жаза жоопкерчилиги киргизилген.

Адистер кыздардын мектепти таштап кетүүсүнүн негизги себептеринин бири жашы жете электердин турмушка чыгуусу экенин, алардын көбү мектепке кайтпай калганын белгилешет. Бул көптөгөн жашы жете элек аялдардын өз алдынча оокат табуу мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен, жакырчылыкта жашоого өкүм кылынарын билдирет.

Жашы жете электердин никеге туруусу баланын өнүгүү жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, анын зомбулуктун курмандыгы болуу коркунучун жогорулатат.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9029