Жогорку Кеңештин делегациясы Өзбекстанга учуп кетти. Курамы
RU

Жогорку Кеңештин делегациясы Өзбекстанга учуп кетти. Курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарына катышуу үчүн Самаркандга (Өзбекстан) учуп кетти.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын программасында КМШ ПААнын 54-пленардык жыйыны, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Парламенттер аралык ассамблеянын туруктуу комиссияларынын жыйыны, ошондой эле КМШ ПААнын Ч.Айтматов атындагы сыйлык тапшыруу аземи болот.

Мындан тышкары, Шакиевдин КМШга мүчө-мамлекеттердин парламент башчылары менен эки тараптуу форматта жолугушуусу пландалууда.

Делегациясынын курамы:

  • Искендер Матраимов;
  • Аида Исатбек кызы;
  • Алишер Козуев;
  • Жусупбек Коргонбай уулу;
  • Арсланбек Малиев;
  • Талайбек Масабиров;
  • Жылдыз Таалайбек кызы.
Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9030