Кыргызстанда "Акча" маалыматтык-көңүл ачуучу кампаниясы старт алды
RU

Кыргызстанда "Акча" маалыматтык-көңүл ачуучу кампаниясы старт алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүт өлкө боюнча "Акча" маалыматтык-көңүл ачуучу кампаниясы башталды. "Акча" – бул ар бирибиз күн сайын бет келген нерсе.

Акчаны дайыма эле туура жана натыйжалуу башкара алабызбы? Кыял-максаттарыбызга баратканда ар кандай жагдайларга кылчактабай, эркин болушубузга эмне жардам бере алат? "Акча" кампаниясы дал ушул суроолорго жооп берүүнү көздөйт.

Алдыдагы бир нече ай бою сиздерди уникалдуу көңүл ачуучу окуялар күтөт: сериалдын каармандары жана реалдуу адамдар өз башынан өткөргөндөрүн айтып беришет.

"АКЧА" сериалы, аны "Кошунаны тандабайт", "Эл эмне дейт" жана "Жарайт сити" долбоорлорунун автору, белгилүү "1.1Studio" командасы тартып жатат.

"АКЧА – МАЕК" - 5 иш-чара Кыргызстандын ар кайсы аймагында өткөрүлөт, анда бүт өлкөгө таанымал инсандар, катардагы жарандар акчага байланыштуу жеке окуяларын бир сахнада айтып беришет.

Мындан сырткары эки социалдык кампания өткөрүлөт, анда кыргызстандыктар үчүн курч маселелер күтүүсүз жагынан көтөрүлөт. Алардын бирине кенен токтололу.

Колубуздагы акчаны эмне кылыш керек: кантип пландайбыз, кантип коротобуз, качан карызга акча алыш керек, келечекке үчүн деп качан канча сомдон чогултушубуз зарыл? Мына ушул чечимдерди кабыл алып жатканда биз каталарга жол беребиз. Адатта жаңылыш чечимдер, анын ичинде акчага байланыштуулары бизди курчаган чөйрөнүн таасиринен улам жаралат. Чечимдерибизге коомдун басымы канчалык таасир этет деген суроого жооп издедик. Бул үчүн Кыргызстанда алгач жолу социалдык эксперимент өткөрүлдү, ал чечим кабыл алуудагы көпчүлүктү ээрчиме адатыбызды ("эффект толпы") көрсөттү.

Башка өлкөлөрдө көп жыл мурун өткөрүлгөн мындай эксперименттер көрсөткөндөй, адамдар көпчүлүктүн туура эмес ырастоолоруна ичинен макул болбой турса да, көпчүлүккө кошулуп кете берет. Ушул феноменди эске алуу менен, 2022-жылдын күзүндө Кыргызстанда өткөрүлгөн эксперимент социалдык нормалардын акчага байланыштуу чечимдерге таасирин изилдеп көрдү. Себеби биздин "эл эмне дейт" деген оюбуз ошол эле "эффект толпы" дегендикке жатат. Ал бүткүл дүйнө боюнча ушуга окшогон эксперименттердин катышуучуларды даана фактыларды четке кагып, башкалардын пикирин ээрчигенге түрткөн.

Эксперимент үчүн Кыргызстандын ар кайсы аймагынан келип, азыр Бишкекте жашап жаткан 15 ыктыярчы тандалып алынды. Шарт боюнча ыктыярчылар изилдөөнүн чыныгы максаттарынан бейкабар болду. Аларга 15 суроо берилип, айтылган ойго "макулмун" дегендерге алдыга бир кадам таштоо сунушталды. Ар бир ыктыярчынын жанында 6 актер болгон, актёрлор аң-сезимдүү адам ордунда калышы керек болгон учурларда атайылап алдыга кадам таштап турушту. Ошол актерлор "үймө топ эффектисин" жаратып беришти.

"Бул эксперимент адамдар көпчүлүктүктүн таасирине кабылары тууралуу. Мисалы, 2020-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, аялдардын 72%ы белектер менен той-мааракелерге кеткен чыгымарды негизсиз жана өтө чоң деп эсептегенибелгилүү болду. Бирок алар үн катпай келишет, себеби "ушундай болушу керек", баары эле макул, каршы чыксаң, обочолонду деп сынга кабыласың" деген пикирде. 10 аялдын 7си баарын өзгөртүүгө даяр, бирок пикиримди эч ким колдобойт деген ойдо", - дейт белгилүү социолог Мехригюль Аблезова.

"Бул эксперимент менен көпчүлүктүн пикиринен канчалык көз каранды экенибизди гана көрсөтпөй, ошол "көпчүлүктүн" ой жүгүртүүсү да көп учурда түрдүүчө болорун көрсөттү. Бүгүндөн калбай өзгөртүүлөрдү башташ үчүн биринчи кадам гана керек экенин ачыктады".

"Мода" деп же башкалардын пикири менен жүрүп отурсак, өзүбүздүн бакубаттыгыбызды жана үй-бүлөлүк бюджеттин туруктуулугун соккуга бута кылып берерибиз эсте болсун. Ашыкча чыгымга жана ысырапчылыкка арналган алгачкы эксперименттин катышуучуларынан кандай күтүүсүз жооптор алынганын видеодон көрүңүз.

Башка катышуучулар эксперименттен кандай өткөнүн www.AKCHA.asia расмий сайтынан көрө аласыз.

Ыктыярчыларды айыптоого ашыкпаңыз. "Мен башкача кылмакмын" деп ойлонуп жатасызбы? Бүткүл дүйнөдөгү адамдардын басымдуусу улутуна, социалдык статусуна карабай, көпчүлүктүн артынан бир кадам алга таштайт.

Социалдык эксперимент - "Акча" деп аталган чоң кампаниянын бир гана бөлүгү. Кампания жөнүндө кенен маалыматты www.akcha.asia расмий сайтынан жана социалдык тармактардагы расмий баракчалардан тааныша аласыз:

1. http://www.instagram.com/akcha.asia

2. https://www.facebook.com/akcha.asia

3. https://ok.ru/group/70000000710778

4.https://www.youtube.com/channel/UCdKy0aNO0F57FabLJTWiReg

Келиңиздер, жаңы салттарды чогуу жараталы.

"Акча" – Чачпа! Такта! Сакта!

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9032