Алга Кылычов Анжеликанын сотко бергени боюнча: Мен айткан сөзүмдү сотто далилдей алам
RU

Алга Кылычов Анжеликанын сотко бергени боюнча: Мен айткан сөзүмдү сотто далилдей алам

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика Алга Кылычовду сотко берип, 10 миллион сом доо койгон. Бул билдирүүдөн кийин Алга Кылычов ырчы аны сотко бергенин ырастап, Kaktus.kg`ге комментарий берди.

"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул адам өзү өкмөттө иштебесе да экс-президенттин үйүн тартып алууну көздөгөндөй аракет кылып, министриликтин ишин аткарып үйдүн сүрөтүн, схемасын чыгарып, балдар үйүнө айлантам деген мыйзамсыз иш-аракеттерди кылган. Биринчиден, мыйзам боюнча Атамбаевдин жалгыз гана өзүнө таандык үйүн тартып алууга мыйзам жол бербестигин, экинчиден, Атамбаевдин өзүнүн калоосу менен балдар лагери мурдатан эле иштеп жатканын кимдир-бирөөлөрдүн буйругун аткаруудан алыс болууга чакырып айткан элем. Ал киши токтобой интернетте бийлике кайрылып коомчулукту дүрбөткөнүн токтотподу.

Мен, албетте, ырчы жөнүндө интернетте ачык булактардан жана өзүм уккан далилдүү фактылар менен бул адамга укук коргоо органдары көңүл бөлүп, мен айткан маалыматтарды текшерип мыйзам чегинде чара көрүүсүн талап кылып кайрылгам.

Мен айткан сөзүмдү сотто далилдей алам. Азырынча сыр боюнча кала турсун. "Өзү тийишкен бала ыйлабайт" деген сөз бар го.

Мен ар дайым сөзүмдү факт менен айтам. Бул адамдын интриган, калпычы, сабатсыз экенининин бир-эки мисалын далилдей кетейин. "Бүлүнгөн жерден бүлдүргү алба" деген кыргызда жакшы сөз бар. Экс-президент Атамбаевдин камакта жатканынан пайдаланып үйүн тартып алгысы келген кадамы суу кечпей калгандан соң азыркы президенттин айланасындагылар мени пайдалагысы келди деп актанып чыкты. Мени "тааныбайм" деп өзүнүн баракчасына жазып чыкты. Сотко берип жаткан адамдын аты-жөнүн ката жазыптыр", - деди ал.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9036