Алтын рудасын жана концентратын өлкөдөн сыртка ташып чыгууга тыюу салынат
RU

Алтын рудасын жана концентратын өлкөдөн сыртка ташып чыгууга тыюу салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандан алтын камтыган руда жана алтын камтыган концентраттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматта кийинки жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынары айтылат. Жарлыктын негизинде:

  • "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилүүдө.
  • Мамлекеттик бажы кызматы жана Чек ара кызматы ушул жарлыкта көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
  • Министрлер кабинетине белгиленген тартипте убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып ар бир алты айда узартып туруу тапшырылды.
Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9038