Ишкерден акча, батир опулазаганга шектүү жоюлуп кеткен Каржы полициясында иштеген
RU

Ишкерден акча, батир опулазаганга шектүү жоюлуп кеткен Каржы полициясында иштеген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишкерден 100 миң сом жана баасы 200 миң долларды түзгөн батирди опузалоо жолу менен алып жатканда 48 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шектүү ишкерден алгач 3 миллион сом талап кылган.

Белгилүү болгондой, октябрь айында Баткен облусунун тургуну тергөө кызматына арыз менен кайрылган. Арыз ээси аны белгисиз жаран май айынан ушул күнгө чейин шантаж жолу жана физикалык күч менен коркутуп, 3 000 000 сом акча каражатын опузалап талап кылып жатканын айткан

Бул факты боюнча "опузалап талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

25-октябрда 100 000 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле жалпы баасы 200 000 долларды түзгөн эки батирди алып жаткан жеринен шектүү кармалды. Кармалган жаран Баткен облусунун 1974-жылы туулган тургуну Д.Д. аттуу болуп чыкты. Ал жоюлуп кеткен Каржы полициясынын кызматкери болгон жана мурда бир нече жолу соттолгон. Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9045